Төө-Ашууда жол кырсыктан улам тыгын жаралган. Учурда жол ачык (видео)

Төө-Ашуу ашуудагы тыгын жол кырсыктан улам жаралды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жолдун 128-чакырымда жеңил унаалар сүзүшкөн жана алар жол тескөөчүлөрдү күтүшкөн. Бул окуя болгон учурда кырсык болгон аймакта унаа кыймылы бир тилкеде жүргөн. Учурда бул аймакта эч кандай чектөөлөр жок.