Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымына (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.

Азыркы тапта Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 800 метр кубду түзөт.