Төө-Ашууда өрттөнгөн унаа. Экинчи милиция кызматкери оор абалда ооруканада

Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү милициянын майору Дилмурат Шамшиев 41 жашында өрт кырсыгына жардам берем деп мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы маалым болгон.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Баткен ОИИБден билдиришкендей, ал Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа өрттөнүп, ооруканага жеткирилгендердин бири болгон. 

ИИМ маалымат таратып, ошол өрттөн дагы бир милиция кызматкери күйүк алып, ооруканада жатканын билдиришти.

27-октябрда саат 15:30дар чамасында май ташуучу унаа Бишкек-Ош унаа жолунун 96-чакырымында бара жаткан учурда кулап кетип, күйүп баштаган. Иш сапары менен жолдон өтүп бара жаткан Хонда-СРВ үлгүсүндөгү унаадагы 30 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөөчүсү милициянын капитаны О.Акуналиев менен 41 жаштагы Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери милициянын майору Дилмурат Шамшиев бензовоздун айдоочусуна өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам бергенде алар дагы өрттөн жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Жанын тобокелге салып, элдин камын ойлогон эр азаматтардын бирөөсү 30 жаштагы тергөөчү О.Акуналиевдин абалы оор бойдон ооруканада. Ал эми милициянын ыкчам кызматкери Шамшиевдин денеси өрттөн көп жабыркап, 1-ноябрь күнү каза болду.