Бүгүн, 8-ноябрь күнү Чүй облусунун Жайыл районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 09:07 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымында кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Жерине тазалоо иштерин №9 ЖТИден 3 техника тартылып, тазалоо жумушун жүргүзүүдө. Ошондой эле абалды көзөмөлдөө максатында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан, Жайыл райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана Тоо-кен куткаруу кызматынын 2 куткаруучусу чыгып кетти. Жабыркагандар жок. Учурда кар көчкү түшкөнгө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.