Тартылган күч каражаттардын жардамында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-чакырымына түшкөн кар көчкү саат 10:20да толук тазаланып, жеңил унааларга эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Ал эми оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 540 метр куб. Жабыркагандар жок. Көчкү аталган унаа жолго саат 09:07 чамасында түшкөн.