Төө-Ашуудагы көчкү 6 жеңил унааны жана 1 кичи автобусту басып калды

Кечээ, 22-январда саат 18:04 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 132-чакырымында 2 жерге кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Кар көчкү 6 жеңил унааны жана 1 кичи автобусту басып калган. Анын ичинен 1 унааны кар көчкү толук басып калган. Жерине ӨКМдин тоо-кен куткаруу кызматынын жана 6-ӨМТККВдан 2 куткаруучу, Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ, КДМБнын 3 куткаруучу, №9 ЖТИден 2 жүктөгүч, 1 грейдер жана ИИМден 2 экипаж тартылган.

Куткаруучулар кар көчкүнүн астында калган унаадан 4 адамды куткарышып, бир эс-учун жоготкон аялды Тез жардам кызматы алып кеткен. Жеринде министр Бообек Ажикеевдин көзөмөлүндө тазалоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.