Төө-Ашуудагы туннелде жарык жок, унаа кыймылы токтотулду (видео)

Төө-Ашуудагы туннелде жарык жок, унаа кыймылы токтотулду. Бул тууралуу «Кыргыз авто жолдон» билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 5-июлда саат 15:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы туннелдин 1250 метринен өтүп бара жаткан Лексус 470 маркасындагы жолтандабас унаа өрттөнүп кеткен. Унаанын ичинде эки адам болгон, алар жабыркаган эмес. Ал эми унааны өчүрүүгө мүмкүн болгон эместиги айтылат.  Туннелдин ичинде электр жарыгы ал себептен өчүп калган.

«Азыркы учурда туннель аркылуу транспорт кыймылы эки тараптан тең убактылуу токтотулду. Күйүп кеткен унааны сыртка чыгарып, электр жарыгын жандандыргандан кийин, жол каттам үчүн ачылат», — деп айтылат маалыматта.