Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен 17 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери жүрүп жатат

Төрт-Күл суу сактагычына чөгүп кеткен 17 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

14-майда саат 20:35те Төрт-Күл суу сактагычында кайыкта сейилдеп жүргөн 2 өспүрүм сууга чөккөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Издөө иштерине саат 20:50дө ӨКМдин Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу тартылып, 15-май күнү саат 08:35те 2009-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгү табылган. Ал эми 2006-жылы туулган өспүрүмдү издөө иштери бүгүн, 16-май күнү улантылып, таңкы саат 06:10до 16 куткаруучу тартылды.