Тору-Айгырда чөгүп кеткен 4 жаштагы кызды издөө учурунда ыктыярчылар адамдын сөөгүнүн калдыктарын табышкан

Көлгө чөгүп кеткен төрт жашар Аиша Мурдинованы издөөгө жардамдашып жаткан ыктыярчылар социалдык тармактарда белгисиз адамдын сөөгүнүн калдыктарын табышып алгандыгын билдиришкен. Бул маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Алардын маалыматы боюнча, 1-августа Ысык-Көл РИИБге территориалдык ӨКМден билдирүү түшүп, анда болжол менен саат 15.00 чамаларында Тору-Айгыр айылынын түштүк-чыгыш тарабындагы көлдөн эски желим торлорго оролуп илинип калган адамга таандык эски чирип калган сөөктөрүн табышып алгандыгы маалымдалган.
Аталган билдирүү райондук милициянын маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тийиштүү чечим кабыл алынат.