«Тосмону тепкилеп». Бишкек шаардык соту Мелис Аспековдун ишин кароону 3-июнда улантат

Бишкек шаардык сотунда Мелис Аспековдун бөгөт чарасы каралып, анда тыныгуу жарыяланды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-июнга чейин тыныгуу жарыяланган. Соттук отурумда Мелис Аспеков тосмону тепкилеп, сотторго болгон нааразычылыгын билдирди.

Ал өткөн жылдын январь айында пара талап кылууга шектелип кармалып, кийин ага карата «алдамчылык» беренеси боюнча да кылмыш иши козголгон. Ага карата ушул жылдын март айында сот өкүмү чыккан. Соттун чечими менен 7 жылга эркинен ажыратылган.