«Тралдын айдоочусу уктап кеткен». Бишкек—Ош жолунда катталган кырсык боюнча милиция үн катты

Бүгүн, 22-июль күнү эртең менен Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тараган.

Журналисттерге Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тралдын айдоочусу уктап кеткенин билдиришкен. Тралда ташып бара жаткан унаалар болгон.

Каза болгондор бар экени айтылды.