Турак жай жана курулуш департаментинин директору кармалды

Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба агенттигиндеги коррупциялык схема жок кылынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мамлекеттик курулуш комитетинин турак жай жана жарандык курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлери материалдык жана башка артыкчылыктарды алуу максатында өзүнө берилген ыйгарым укуктарды мыйзамсыз пайдаланып, системалуу негизде курулуш компаниялардын өкүлдөрүнөн өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алышканы аныкталган.

Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу кызматкерлерине 1 миллион 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын которуу фактысы катталган.

“Мындан улам турак жай жана жарандык курулуш департаментинин директору А.А.К. жана департаменттин инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча координациялык топтун директору Э.Р.К. кармалып, экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”- деп айтылат маалыматта.