Аравандагы турак үйдөн чыккан өрт 1 адамдын өмүрүн алды

Кечээ, 19-январда Араван районундагы турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган эркек киши каза болду. Бул тууралуу маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы Төлөйкан айылынын Алик-Ата көчөсүндөгү турак үйдө болгон. Тилсиз жоонун кесепетинен үйдүн 20 чарчы метри жана үй буюмдары өрттөнгөн. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.