Туризмди өнүктүрүү фондуна кылмыш ишин Башкы прокуратура эмес, УКМК козгогону маалымдалды

Башкы прокуратура Туризмди өнүктүрүү фондуна карата эч кандай кылмыш ишин козгогон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.

Анын айтымында, 22-апрелде УКМК «коррупция» фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Биринчи Май райондук сотунун 28-апрелиндеги чечими менен Туризмди өнүктүрүү фондунун кеңсесинде, ошондой эле Елена Калашникованын [Туризмди өнүктүрүү фондунун президенти] үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Эсеп палатасына да текшерүү жүргүзүлгөнү белгилүү болду. «Азыр биз ушул маалыматты гана бере алабыз, калганы учурда тергөөнүн сыры бойдон калууда», — деди ал.