«Туруп алып, чуркап». Ошто бир туугандарды эки унаа жөө өтмөктөн сүзүп кеткен учур видеого түшүп калган

Ош шаардык милициянын кайгуул кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ошто окуучуларды эки унаа жөө өтмөктөн сүзүп кеткен окуянын видеосу менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, окуя 23-октябрда болгон. 2013 жана 2016-жылы туулган уул-кызын жолдо сүзүп кеткен жарандарга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга алардын атасы кайрылган. Милиция тарабынан 2 унаанын айдоочусу кармалып, тергөөгө жеткирилген. Унаалар айып короого токтотулган.