«Туугандары менен сууга түшкөнү барышкан». Жалал-Абадда жансыз денеси суудан табылган окуянын чоо-жайы

Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, Чаткалдагы Терек-Сай суусунан 48 жаштагы кишинин жансыз денеси табылганын билдирген. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти.

22-август күнү саат 19:25 чамасында ӨКМден кызматтык телефонго чалуу болуп, Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы Касан-Сай суусунан Ала-Бука районунун тургуну 1974-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылгандыгын билдирген. Аталган факты 22-август күнү Чаткал РИИБге катталып тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Окуя болгон жерге Чаткал РИИБдин тергөө ыкчам тобу чыгып, маркумдун Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын Ак-Байрак участкасында Касан-Сай дарыясынын жээгинде суу топтолгон жерде айылдаш туугандары менен бирге сууга түшүп жатып чөгүп кеткендиги аныкталган. Маркумдун жансыз денесин Ала-Бука райондук ӨКМдин кызматкерлери тарабынан табылып, суудан чыгарылган. Жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жана арыз жазуудан баш тартышып, эч кимге арыз доосу жок экендигин билдирип, маркумдун жансыз денесин бир туугандары алып кетишкен.