Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Афтандил Жоробеков камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Афтандил Жоробеков камакта калтырды.

Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы жарандык активистти СИЗОго эки айга калтыруу боюнча райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Афтандил Жоробеков 7-декабрь күнү кармалган. УКМК маалымат таратып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу республикада коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана массалык баш аламандыктарга алып келүүчү чакырыктарды жасаган деп айыпталып жатканын билдирген.