Мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыгып камалган жарандык активист Афтандил Жоробеков үй камагына чыкты. Мындай чечимди жарандык активисттин баш коргоо чарасын кечээ, 15-июнда караган Ленин райондук соту кабыл алганын анын адвокаты Жаныш Бараков “Азаттыкка” билдирди.
Афтандил Жоробеков мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн 2023-жылы 9-декабрда камалган. Ага “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган.