Тууну өзгөртүүгө каршы чыккан Афтандил Жоробековго кайсы айып тагылганы маалым болду

Жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалды. Бул маалыматты анын жактоочусу Махабат Мамасалиева тастыктады.

Анын айтымында, ал 7-декабрь күнү кечинде кармалган. Жоробековго Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык баш аламандык) боюнча айып тагылган. Адвокат белгилегендей, укук коргоо органдары жарандык активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине соттон азырынча анын ишинин материалы сотко түшө электигин билдиришти. 

Афтандил Жоробеков Кыргызстандын желегин өзгөртүүгө каршы чыгып, 9-декабрда митинг өткөрүүнү пландап жаткан.