«Түгөйлөр жол тосуп, Караколго кетишмек». Жети-Өгүздөгү үрөй учурган жол кырсыктын чоо-жайы

Социалдык тармактын колдонуучулары Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак айылында катталган үрөй учурган жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат. Видеонун автору кырсык 21-мартта катталганын, анын кесепетинен 2 аял киши каза болгонун жазды. Видеодон көргөндөй, жолдо токтоп турган унааны катуу ылдамдык менен дагы бир унаа сүзүп кеткен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден кырсык тууралуу маалымат беришти.

21-мартта саат 02:00 чамасында милицияга Жети-Өгүз районунун ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда Кичи-Жаргылчак айылынын күн чыгыш тарабындагы аялдаманын жанынан Гольф жана Ауди В4 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, аялдамада турган эки жаранды сүзгөнү маалымдалган. Бул факты Жети-Өгүз РИИБге катталып, алгачкы тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып териштирген учурда төмөнкүлөрдү аныктады.

21-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Кичи-Жаргылчак айылынын күн чыгыш тарабындагы аялдаманын жанынан тактап айтканда, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун 152-чакырымында Кичи-Жаргылчак айылынын 1991-жылы туулган тургуну жана 1993-жылы туулган келинчеги менен Каракол шаарына кетүүгө жол тосуп турган учурда 2001-жылы туулган Оргочор айылынын тургуну өзүнө тиешелүү Ауди-В4 үлгүсүндөгү унаасын башкарып келе жатып, аялдамада жол тосуп тургандарды көрүп, аларды алып кетүү үчүн токтоп, жүргүнчүлөрдү унаага салып жаткан учурда 1999-жылы туулган Чоң-Жаргылчак айылынын тургуну Гольф-4 үлгүсүндөгү унаасы менен аялдамада токтоп турган Ауди-В4 үлгүсүндөгү унааны бет маӊдай сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Ауди-В4 унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден каза болгон жана унаага отуруп жаткан келин да алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болуп калгандыгы аныкталган.

Окуя болгон жерден ар кандай жаракат алган Гольф-4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана каза болгон келиндин күйөөсү жана Ауди-В4 үлгүсүндөгү унаасынын жүргүнчүсү Оргочор айылынын тургуну Тез жардам менен райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты менен 21-мартта кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары жүрүүдө.