Түн ичинде 33 жаштагы аялдын үйүнө кирип, бычак такап, зордуктап кетишкен. Кылмышка шектүүлөр жаш жигиттер

Түн ичинде 33 жаштагы аялдын телефонун уурдап, өзүн зордуктоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-июнда саат 03:00 чамасында белгисиз жарандар бетине маска кийип, тургундун үйүнө кирип, аны бычак менен коркутуп, зордуктап, телефонун тартып алып чыгып кеткен. “Каракчы” жана “Тоноочу” операцияларынын жүрүшүндө Баткен ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, Чоң-Кара айылынын 22 жана 21 жаштагы тургундары Баткен район аймагынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Факты боюнча Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо), 201-беренеси (тоноочулук), 190-беренеси (турак жайга кол тийбестикти бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалып, тонолуп алынган кол телефон өз ээсине кайтарылып берилген. Тергөө аракеттери жүрүп жатат.