Түн ичинде Караколдо эки аял өлтүрүлдү

Караколдо киши колдуу болгон эки аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 14-сентябрда саат болжол менен 00:00 чамасында Каракол ШИИБге Кашка-Суу кичи районундагы үйлөрдүн биринде 2 аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Алардын жансыз денесин кароо учурунда бычакталганы аныкталган. Алар 1965 жана 1966-жылы туулган жарандар болгон. Ошондой эле кылмыш болгон жерде бычак табылган. Кылмышка шектелип, 1978-жылы туулган жаран кармалды. Анын үйүнөн кара куурайдын суюктугу табылган. Тергөө уланууда.