Түн ичинде Ноокаттагы ашканада эки адам бычакталды

Ош облусунун Ноокат районунда жарандарга бир нече жолу бычак сайып, качып кетүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

6-октябрь күнү саат 04:00 чамасында милицияга кабар келип түүп, анда Ноокат районунун тургуну 1993-жылы туулган жаран денесинен жарат алып, Ноокат райондук ооруканасына кайрылгандыгы маалымдалган. Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Ноокат РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 6-октябрь күнү кылмышка шектүү 31 жаштагы жаран Ноокат шаарындагы ашканалардын биринде пикир келишпестиктен улам Ноокат районунун 29 жана 30 жаштагы тургундарынын курсак жагына бычак менен бир нече жолу сайып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.