Түн ичинде унаанын айнегин сындырып жаткан шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кечээ, 12-майда саат 00:20 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматынан Асанов көчөсүндө токтоп турган унаанын терезелерин талкалап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 1992-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол даректе токтоп турган КИА үлгүсүндөгү унаасынын терезелерин белгисиз жаран себепсиз талкалап, белгисиз тарапка качып кеткен. Дал ошол жаранга карата чара көрүүнү кайгуул кызматкерлеринен өтүнгөн. Кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе, кылмышка шектүү катары 2003-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБге өткөрүп беришти.