Түнү Балыкчы шаарындагы нефтебазада өрт чыкты (сүрөт)

Балыкчы шаарындагы Айылчиев көчөсүндө жайгашкан нефтебазадагы насостон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө 2 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган. Өрт саат 21:00дө чектөөгө алынып, саат 21:28де толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда. Жабыркагандар жок.