Түндө Бишкекте жылуулук өтүүчү түтүкчөгө аял киши түшүп кеткен

Түндө Бишкекте жылуулук өтүүчү түтүкчөгө түшүп кеткен аял куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМге түнкү саат 03:09 чамасында Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук өтүүчү түтүкчөгө аял киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 5 куткаруучусу тартылып, алар аял кишини алып чыгышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.