Түндө Бишкекте «Тазалыктын» кызматкерин өлтүрө сүзгөн айдоочу мас абалында болгон. Окуянын чоо-жайы

Буга чейин Бишкекте түндө «Тазалыктын» кызматкерин айдоочу сүзүп, анын көз жумганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек ШИИБден окуя боюнча маалымат беришти.

18-декабрда саат 01:00 чамасында Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын 1976-жылы туулган айдоочусу Масалиев көчөсү менен чыгыштан батышты карай бара жатып, Малдыбаев көчөсүнө жетпей көчө шыпырып жүргөн “Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Кызматкер алган жараатынан ошол жерде көз жумган. Айдоочу Республикалык наркологияга жеткирилип, анын мас абалында экени маалым болгон. Факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 312-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Айдоочу Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Бир апта мурун да Чыгыш автовокзалына жакын жерде Mazda Atenza үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кетип, 47 жаштагы кызматкер ооруканага жетпей каза болгон.