Түндө Бишкекте үй өрттөнүп кетти (сүрөт)

Бүгүн, 2-майга караган түнү Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 03:05те Свердлов райондук №3 өрткө каршы бөлүктөн 2, буга кошумча 03:10до Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1, жалпысынан 3 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз жоо саат 04:15те чектөөгө алынды. Саат 06:41де толук өчүрүлдү. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.