Түнү Жалал-Абадда жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-январда саат 00:51де өлкө аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.