Түндө жол кырсыктан «Тазалыктын» кызматкери көз жумду

Бишкек шаарында адам өмүрү кыйылган жол кырсык болду. Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги жазып чыкты.

Алдын ала маалыматка караганда, бүгүн, 18-декабрга караган түнү саат 01:30 чамасында «Ала-Тоо» ресторанынын маңдайында Хонда унаасы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Маркумдун 1960-жылы туулгандыгы белгилүү болду. Ал окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми Хонданын айдоочусу 1972-жылы туулган жаран экени аныкталды.