«Түндө колумду кайрып унаага салып…» Таласта 19 жаштагы кыз зордукталганын айтты

Таласта 19 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-август күнү Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылынын ​2003-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. ​Арызында «2022-жылдын 5-февралдын​ түнүндө үйүнөн ​жаран колу-бутумду кайрып унаага салып, белгисиз тарапка алып барып, унааны бекитип, мени зордуктады» деп билдирген.

Аталган арыз Бакай-Ата РИИБдин​ маалыматтардын электрондук журналына​ катталып, тергөөгө чейинки териштирүү​ иштери башталган. ​Текшерүү учурунда ​арызда көрсөтүлгөн жаран​ Кыргызстан айылынын ​1979-жылы туулган тургуну экендиги аныкталып, кармалды. Тергөө уланууда.