Түндө Лейлекте соода борбор өрттөндү. Такталган маалымат боюнча, ири өрт тамактануучу жайдан эмес, «Ак сарай» соода борборунан чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жайгашкан 3 кабаттуу соода борборунан чыккан өрт түнкү саат 12:10дө толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.