Түндө мас абалында үй-бүлөсүнө тынчтык бербеген жаран 3 суткага камалды (видео)

24-январда саат 02:15 чамасында милицияга Бишкек шаарынын Төкөлдөш көчөсүндө үй-бүлөлүк зомбулук фактысы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ыкчам-тергөө тобу дароо барып, факты тастыкталган. 1982-жылы туулган жаран мас абалында уят сөздөрдү айтып, үй-бүлөсүнө тынчтык бербей жаткан. Аталган факты Октябрь РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Жыйынтыгында, жаран Тергөө кызматына жеткирилип, андан соң милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнө өткөрүп берилген. Андан соң Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жеткирилип, соттун чечими менен 3 суткага Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.