Түндө Нарында жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 2:29да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Нарын облусунун Нарын районунун Эмгекчил айылында 3,5 баллга чейин, Нарын шаары, Эчки-Башы, Куйбышев, Миң-Булак, Кызыл-Жылдыз, Жерге-Тал, Жан-Булак, Оттук, Казан-Куйган, Кеңеш жана Орто-Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.