Түндө «Ош базарга» жакын аймакта 12 жаштагы кыз тонолду. Кылмышка шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-ноябрда саат 02:30 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Павлов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен «телефонумду тартып кетти» деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, 1987-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда саат 02:30 чамасында арыз ээсинин 2009-жылы туулган кызынын “Redmi Note 7” үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 1700 сом акчасын тартып алып, качып кеткен.

Чакыруу менен барган милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.