Түндө Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, коңшу имараттарга туташкан

Бүгүн, 9-февраль түнкү саат 03:22де Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен “Аура” тамактануучу жайынын жана райондук аскердик комиссариаттын (военкоматтын) кампа имаратынын чатыры күйгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Өрттү өчүрүүгө Өзгөн райондук өрткө каршы куткаруу бөлүмдөрүнөн жалпы 6 бөлүм тартылган. Өрт саат 05:23тө чектөөгө алынган», — деп жазылат маалыматта. Өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.