Түндө түндүк-чыгыш Бажы кызматынын имаратында өрт чыкты (сүрөт)

Түндүк-чыгыш Бажы кызматынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. ӨКМге Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында жайгашкан райондук Түндүк-Чыгыш бажы кызматынын имаратынын от жагуучу бөлмөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 01:10дө ӨКМден Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, кошумча саат 01:21де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1, авто шаты, саат 01:27де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, жалпы 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Тилсиз жоо саат 02:27де чектөөгө алынып, саат 04:00дө толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен имараттын жыгач устундуу чатырдын 450 чарчы метр аянты, ток берүүчү генератор күйгөн.