«Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкери каналда агып бараткан баланы куткарып калды (видео)

“Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкери каналдагы сууга агып бараткан баланы куткарып калды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
 Окуя 25-июль күнү саат 18:00дөр чамасында Жайыл районунун Сосновка айылында болгон. Электркуроочу Аскар Туленов иш күнүнөн кийин жолдоштору менен каналдан алыс эмес жерде болушкан. Ошол маалда алар жашы жете элек баланын сууга түшүп кеткенине күбө болушкан. Суунун агымы катуу болгондуктан суу баланы бат эле алып кеткен. Аскар ошол замат сууга кирип, өспүрүмдү суудан алып чыккан.
21 жаштагы Аскар Туленов эки жылдан бери Жайыл РЭТинде электркуроочу болуп эмгектенип келет, сууда сүзүү боюнча спорт чебери. Атасы Кара-Балта шаарындагы бассейнде сууда сүзүү боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет.