“Түндүк электр” ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Түндүк электр” ишканасынын кызмат адамдары 107 күч трасформаторлорун сатып алууда билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз контракт түзгөндүктөн, мамлекетке өзгөчө ири 3 миллион 949 миң 500 сом зыян келтирилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кылмыш иштин алкагында ишкананын мурдагы башкы директору Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган жаран жогоруда белгиленген беренелердин негизинде айыпкер катарында жоопко тартылып, анын бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна тийиштүү өтүнүчтөр келтирилип, учурда кароо стадиясында турат. Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишке тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

2021-жылдын 18-августунан 23-ноябрына чейин Кожомкулов Азамат Төлөмүшович “Түндүк электр” ААКнын башкы директору болуп иштеген.