Түнкү клубдагы мушташ. Шектүүлөр кармалды

Бейбаштыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жигиттердин мушташы 3-апрелге караган түнү Юнусалиев көчөсүндөгү «Космопарк» соода борборунда жайгашкан «AVE Art Club» түнкү клубунун эркектер бөлмөсүндө болгон.

Ошол эле күнү мушташтан кийин жигиттердин бири укук коргоо органдарына кайрылган. Ал бейтааныш адамдар тарабынан сабалгандыгын билдирген.

Бул факт КЖБРде Жазык кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталган.

Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган У.М. жана 1990-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар кармалган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.