«Түнкү саат 3кө чейин сабаганда, көзүмө өлүм көрүнүп калды» деген чет өлкөлүк жаран. Милиция видео жарыялады

Буга чейин Свердлов РИИБ маалымат таратып, Бишкекте чет элдик жарандар тигүү цехинин ээси жана чет элдик жаран тарабынан физикалык зомбулукка кабылышканын билдирген. 

«1-август күнү Бишкек ШИИБдин «102» кызматына чет элдик жарандар эркине каршы кармалып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Свердлов РИИБдин кызматкерлери барышкан. Алар Бишкек шаарынын Жибек Жолу проспектисинде жайгашкан тигүү цехтеринин биринде кездемелерди уурдоо боюнча негизсиз айыптоодон кийин чет элдик жарандар тигүү цехинин ээси жана үч чет элдик жаран тарабынан физикалык зомбулукка кабылганын аныкташкан. Андан соң аларды бир бөлмөгө камап коюшкан. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүгү (кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 1967-жылы туулган аял жана 2000, 2002-жылы туулган чет өлкөлүк жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — деп айтылат маалыматта.

Биздин редакцияга Бакытбек Кубатбеков аттуу жаран кайрылып, 4 пакистандык жаран жардамга муктаж экенин, алар 5-6 күн кулчулукта кармалып, сабалганын айтат. Кордук көргөн пакистандыктар акыйкаттык издеп, башынан өткөнүн баяндап беришти. Жабырлануучумун деген Умер Али аны түнкү 3кө чейин сабашканын, айла жоктон башкалардын аттарын да атоого туура келгенин билдирген.

«Мени виза даярдап чакырышкан. Тосуп алышты, бирок 2 ай бир бөлмөдө жаттым. Тамак берип жатышты. Кийин жумуш сурай баштадым. Анткени ал жерде кийим тигүүчү машиналар жок болчу. Жумуш башталды, 1 ай иштеп 30 миң сом алдым. Иш токтоп, Кантта иш башталды. Ал жерге бардык. Кантта 3 ай иш болду. Айына 5 миң сомдон берип жатты. Мен Кыргызстанга пакистандык жарандын чакыруусу менен келгем. 

Паспортумду ушул айдын 15и алып койду. «Силер ишеничтен чыгып, кездеме уурдап атасыңар» деп баштады. Көзөмөл видеону көргүлө дедик. «35 миң доллардын товарын уурдагансыңар, сен муну жалгыз кылган жоксуң. Акча төлөмөйүн кетпейсиң, Пакистандан акча салышат, анан төлөп берем деген кагазга кол кой» дешти. «Эгер акча бербесең, Пакистанга сөөгүң барат» деген сөздөр болду. Мени темир менен чапты. Түнкү 3кө чейин сабашты. Көзүмө өлүм эле көрүнүп калды. Айла жок, башкалардын атын айттым», — деген ал.

Бүгүн, 27-августта Свердлов РИИБ видео жарыялады. Видеодон чет өлкөлүк жаранды сабап жаткандарын көрүүгө болот.