Түнкүсүн жарандарга уйку бербеген айдоочулар кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү шаар ичинде жарандарыбызга түнкүсүн уйку бербей, оорулуу жарандардын, кары-картаң апалардын тынчын алып, унааларына катуу үн чыгаруучу каражаттарды орноштуруп алган 5 айдоочуну кармашты.

Аларга Укук бузуу Кодексинин 194-беренесине ылайык, мыйзамсыз жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдууларды орнотуп алгандары үчүн ар бирине 5500 сомдон айып салып, унааларын айып короо жайына токтотушту. Мындан ары да коомчулуктун тынчын алган айдоочуларга мыйзамдын чегинде катуу чаралар көрүлөт.