Түнү Бишкектин Матросов көчөсүндө жайгашкан кампада ири өрт кырсыгы чыкты

Бүгүн, 9-июнга караган түнү Бишкек шаарынын Кулатов жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуш материалдарын сактаган кампанын чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 01:19да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Кийин жалпысынан 10 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоону өчүрүү иштери жүрдү. Мындан сырткары Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 1 топ жана штаб тартылган. Жеринде ИИМден 3 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, Тазалык ишканасынан Суу ташуучу унаа тартылды. Тилсиз жоо саат 04:39да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 3800 чарчы метрди түзөт.

Алдын ала маалымат боюнча ламинат курулуш материалы сакталган бир нече кампа күйүп кетти. Бактыга жараша ири өрт кырсыгы адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ламинат курулуш материалдары, эшик, терезелер, 270 чарчы метр аянттагы кампада сакталган жууп-тазалоочу каражаттар жана жакын жайгашкан кампалар сакталып калды. Ошондой эле Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тарабынан 22 кислород баллону, 5 пропан толтурулган баллон ыкчам түрдө чыгарылып, жарылып кетүү коркунучу жоюлду.