«Түнү менен зордуктап, эртеси таксиге салып жиберишкен». Акыйкатчы институту майыптыгы бар кыз зордукталганын билдирди

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ички иштер министрлигин 21 жаштагы, II топтогу майыптыгы бар кыздын иши боюнча калыс жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Омбудсмен калктын аярлуу катмары мамлекеттин өзгөчө колдоосуна жана коргоосуна муктаж экенин эскертет. Аларга зомбулук көрсөткөн адам мыйзамга ылайык катуу жоопкерчиликке тартылышы керек. Жамила Жаманбаева мыйзамга ылайык, майыптыгы бар адамга карата жасалган кылмыш жаза дайындоодо оордотуучу жагдай болуп саналарын белгилейт.

Акыйкатчы жабырлануучунун апасы, Бишкек шаарынын тургуну менен жолугушту. Ал институтка кызынын укуктарын коргоо жана шектүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен кайрылган. Апасынын айтымында, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тобу менен зордуктоо боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып, шектүүлөрдү кармабай жатат. «Мен жана кызым дагы II топтогу майып. Милиция бизди жөн эле шылдыңдап жатат. Адвокат менен дагы адилеттикке жете албай турабыз. Кызымды коргой албаганыма жана аны кордогондорду жазага тарттыра албаганыма аябай кейип турам»,- деген апасы.

Буга чейин ЖМКларда кабарлангандай, окуя 2025-жылдын 10-апрелинде Бишкектеги курулуп жаткан үйлөрдүн биринде жасалган. Апасынын айтымында, курулушта иштеген эки чет элдик жаран алгач кызды азгырууга аракет кылган, андан кийин өздөрү жашаган жерине сүйрөп кеткен. «Алар аны түнү менен кезек менен зордуктап, коркутушкан. Эртең менен таксиге салып, «Ош базары» тарапка жөнөтүшкөн. Ал жерден өтүп бара жаткандар милиция чакырышкан», — деп кошумчалады ал.

Жабырлануучу бала кезинен бери акыл-эсинин өнүгүүсүнүн артта калуусунун жеңил формасы менен жабыркайт. Ага карабай, ал атайын мектепти жана эки кесиптик лицейди бүтүргөн. Апасы окуядан кийин кызы катуу депрессияга кабылганын айтат.

Жактоочунун айтымында, тергөө жабырлануучу тарапка соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалардын жыйынтыктарын бербей жатат. Андан сырткары, кыздын жана анын жактоочусунун баш тартканына карабастан, милиция мыйзам нормаларын бузуу менен психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүүнү талап кылууда.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага тергөө иштеринин жүрүшү жөнүндө маалымат сурап, кат жөнөттү.