Түптө 14 жаштагы кыздын боюнда бар экени аныкталды. Кылмышка өспүрүм бала шектелүүдө

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 14 жаштагы кыздын боюнда бар экени белгилүү болуп, кылмышка 16 жаштагы бала шектелүүдө. Бул тууралуу Сереп Медиага облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-апрелде 39 жаштагы И.Р. аттуу жаран Түп РИИБине арыз менен кайрылган. Ал 8-класс окуган кызынын боюнда бар экенин билдирип, 16 жаштагы А.Э. аттуу балага мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факт райондук милициянын КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, окуучу кыз Токтоян айылынын тургуну.