Түптө 158 миллион сомдук мыйзамсыз берилген жайыт мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облустук прокуратурасы Түп районунда 57 гектар жайыт жер тилкелери жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Облустук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 158 миллион 138 миң сомдук 57 гектар жер тилке мамлекетке кайтарылды. Прокуратура органдары мыйзамсыз берилип кеткен мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу боюнча иш-аракеттерди күчөтүлгөн тартипте улантууда», — деп жазылат билдирүүдө.