Түптө 16 жаштагы майып кыздын кошунасы тарабынан зордукталышы. Иш кайра кароого жөнөтүлдү

Түп районунда жашы жете элек майып кызды зордуктоо боюнча иш кайра кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине юрист Камил Рузиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Ысык-Көл облустук соту чыгарды. Анда облустук сот Түп райондук соттун чечимин кайра кароого жөнөткөн. Райондук сот шектүүнү 11 жылга эркинен ажыраткан болчу.

Кош бойлуулуктун бешинчи айында ДЦП менен жабыркаган 16 жаштагы кыз ооруканага түшкөн. Өспүрүмгө операция жасалган, бирок баласын сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Аны зордуктоого шектелип, 70 жаштагы кошунасы кармалган.