Түптө баңгизат менен «Белый» кармалды

Түптө «Белый» каймана аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Милицияга Түп районунун аймагында «Белый» аттуу каймана аты бар жаран ири өлчөмдөгү баңгизат сактап, аны сатууга даярдап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат Түп РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Түп районунун Тогузбай айылынын 36 жаштагы тургуну аныкталган. Ошондой эле ыкчам кызматкерлерге шектүү жакын арада баңгизаттарды белгисиз тарапка ташууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Шектүү Subaru Legacy үлгүсүндөгү унаасы менен үйүнөн чыгып баратканда милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада, унаанын ичинен ширеңкелердин кутучаларына салынган жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар заттар табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча, алынган зат гашиш баңги затына таандык экени аныкталган. Баңгизаттын таза салмагы 425 граммды түзгөн. Райондук соттун чечими менен шектүүгө карата козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иштерин жүргүзүү учурунда эки айга камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.