Түптө чолок шым кийген кыздарды сөккөн 2 кишинин видеосу тараган. Милиция текшерүү жүрүп жатканын билдирди

Кечээ, 17-июлда социалдык тармактарда Түптө чолок шымчан кыздарды мас эки эркек урушуп жаткан видео тараган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «15-июлда райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Михайловка айылынын 58 жаштагы тургуну кайрылган. Аял өз билдирүүсүндө ушул эле күнү кечки саат 17:00дөр чамасында Түп айылынын чыгыш тарабында жайгашкан асма көпүрөдө азиат улутундагы белгисиз эки эркек анын 15 жаштагы кызын жана эки кыз курбусун эч себепсиз сөккөнүн билдирген.

Бул арыз Түп РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ата-энесинин катышуусунда арыз ээсинин кызы жана эки курбу кызы суралган. Жашы жете электердин көрсөтмөсү боюнча, бул күнү алар сууга түшүүнү чечишкенин, дарыяга бара жатышканда эки мас эркек жаман сөздөр менен сөгүнгөнүн айтып беришкен.  Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок жашы жете элек кыздар ата-энесинин көзүнчө экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан, белгисиз эркектердин аларга колу тийбегендигин айтып түшүндүрүшкөн.

Андан аркы териштирүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул фактыга тиешеси бар адамдар аныкталып, алар Түп РИИБге жеткирилген.  Алдын ала сурактын жүрүшүндө, Түп айылынын 42 жана 32 жаштагы тургундары бул окуя боюнча күнөөсүн толук мойнуна алып, окуя мас абалында болгонун түшүндүрүшкөн. Текшерүү жүрүп жатат.

Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!