Түптө эки унаа кагышып, 2 аял киши көз жумду (сүрөт)

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жол кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алса, 2 аял киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 86-чакырымында болгон. Анда Lexus RX-350 менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, 48 жана 30 жаштагы эки аял киши көз жумду. «Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгон 1973-жылы туулган аялды унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар Тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.